Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Швейцариянын тышкы иштер федералдык департаментинин Мамлекеттик катчысы Ив Россьени кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 29-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Швейцария Конфедерациясыннын тышкы иштер федералдык департаментинин Мамлекеттик катчысы Ив Россьени кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2014-жылы ЕККУдагы Швейцариянын төрагалыгынын алкагында өз ара аракеттенүү жана Кыргыз Республикасы менен Швейцария Конфедерациясынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын келечектүү маселелери талкууланды.

Афганистандан коалициялык аскерлеринин чыгышына байланыштуу экстремизмге, баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы жана чек аралардын коопсуздугун камсыздоо боюнча кыйла натыйжалуу күрөш жүргүзүү максатында өз ара аракеттенишүү маселелери приоритеттүү болуп, Борбордук Азия региону жаңы коркунучтарга жана кыйынчылыктарга туш келиши мүмкүн экендиги белгиленди.

Жолугушууга ошондой эле Швейцария Конфедерациясынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лоран Ги катышты.

2013-жыл 29-апрель