Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңешке “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамына карата каршы пикир жөнөттү

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата каршы пикир жөнөттү.

Каршы пикирде мындай деп айтылат:

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан
2013-жылдын 28-февралында кабыл алынган “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата төмөнкүдөй каршы пикирлерим бар.

Негиздемеге ылайык Мыйзамдын максаты чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасына кирүүгө жана Кыргыз Республикасында болушуна уруксат кылуу документтерин берүү маселелеринде “коррупциялык жана бюрократтык курамды азайтуу” болуп саналат.

Аталган максатты жүзөгө ашыруу үчүн кабыл алынган Мыйзам менен:

- виза берүү жөнүндө өтүнүчтү кароого беш күндүк мөөнөт белгиленген (13-берене);

- виза жана жашап турууга уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди жазуу жүзүндө берүүгө милдеттендирген өзгөртүү киргизилет, муну менен бирге жашап турууга уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимде баш тартуунун себептери көрсөтүлүүгө тийиш (16-берене).  

Арыз ээсинин (мигранттын) негиздүү, мыйзамга негизделген чечим алууга болгон укугун камсыз кылуу зарылчылыгын колдоо менен бирге тышкы миграцияны жөнгө салуу жагында мамлекеттик саясаттын негизги максаттарынын бири болуп Кыргыз Республикасынын улуттук таламдарын коргоо жана коопсуздугун камсыз кылуу санала тургандыгын белгилейм. Ошондуктан миграцияны жөнгө салуу жагында мамлекеттик саясат өзүнө инсандын, коомдун жана мамлекеттин таламдарын айкалыштырууга тийиш.

Ушуга байланыштуу “Тышкы миграция жөнүндө” Мыйзамдын
2-беренесинде мигранттардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоону камсыз кылуу менен катар Мыйзамдын негизги милдеттеринин бири өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуунун  маанилүү курамы болуп саналган “мыйзамсыз миграциянын алдын-алуу жана болтурбоо” экендиги белгиленген.

“Тышкы миграция жөнүндө” Мыйзамдын 4-беренеси менен тышкы миграция процессин жөнгө салууга тийиштүү мамлекеттик органдардын катышуу принциби да аныкталган. Ушул эле Мыйзамдын 5-беренесине ылайык Кыргыз Республикасында миграция, калкты каттоо, тышкы саясий иш, улуттук коопсуздук, мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тышкы миграция тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар болуп саналат”.

Жашап турууга уруксат берүү жөнүндө арыздарды кароо процесси өзүнө арыз ээсинин документтерин ички иштер органдарында текшерүүнү жана улуттук коопсуздук органдары менен макулдашууну камтыйт. Аталган органдар өз компетенцияларынын чегинде калкты каттоого ыйгарым укуктуу органга жашап турууга уруксатты алууга тоскоолдук кылуучу жагдайлардын бар же жок экендиги жөнүндө жазуу жүзүндө маалымат берет.

Ушуга байланыштуу кабыл алынган Мыйзам менен сунуш кылынган жашап турууга уруксат берүүдөн баш тартуунун себептерин көрсөтүү жөнүндө ченем мамлекеттик, кызматтык жана коммерциялык сырдан турган маалыматтарды, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын иш процессинде аларга белгилүү болуп калган жарандардын жеке турмушун, абийирин жана ар-намысын козгогон маалыматтарды ачыкка чыгарбоо жагында улуттук коопсуздук органдарынын ишинин өзгөчөлүктөрүн эске алган эмес.

Андан тышкары, “Тышкы миграция жөнүндө” Мыйзам менен белгиленген жашап турууга уруксатты берүүдөн баш тартуунун негиздери жашап турууга уруксатты алууга арызды кароодо улуттук коопсуздук органдарынын макулдук беришине тоскоолдук кылышы мүмкүн болгон жагдайлардын спектрин толук өлчөмдө камтыбайт.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинде “Адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн.” экендиги белгиленген.  

Ушуга байланыштуу Мыйзамдын максаттарына жетүү жана муну менен бирге коопсуздукту камсыз кылуу таламдарын сактоо үчүн азыркы кездеги реалийлерди, 2005-жылы кабыл алынган “Тышкы миграция жөнүндө” Мыйзамды жүзөгө ашыруунун практикалык тажрыйбасын, чет өлкөлүк тажрыйба жана улуттук коопсуздуктун ыйгарым укуктуу органынын сунуштарын эске алуу менен жашап турууга уруксатты берүүдөн баш тартуунун негиздеринин тизмесин кеңейтүү керек же Мыйзамдын ушул бөлүгүн колдонуудагы редакциясында калтыруу зарыл деп эсептейм.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 2-бөлүгүнүн
1-пунктун жана 81-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алуу менен “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын макулдашылган вариантты иштеп чыгуу үчүн кайра кайтарам”.

 

2013-жыл 30-апрель