Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев ШКУ Башкы катчысы Дмитрий Мезенцевди кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 3-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Шанхай кызматташтык уюмунун Башкы катчысы Дмитрий Мезенцевди кабыл алды.

ШКУ Башкы катчысын кабыл алып жатып мамлекет башчысы  Кыргызстан ШКУ Катчылыгына өз милдеттерин ийгиликтүү аткарууга ар тараптан көмөктөшүүгө даяр экендигин белгиледи.

«Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмунун ишмердигине өзгөчө  маани берет. Айрыкча мааниси боюнча саясый кызматташуудан кем калбаган экономикалык ишмердигине», - деди Президент.

Мамлекет башчысы жаңыдан шайланган Башкы катчы  уюмдун алкагында  экономикалык кызматташууну мындан ары өнүктүрүү боюнча ШКУ мүчө-мамлекеттеринин күч-аракеттерин бириктирээрине ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Дмитрий Мезенцев Алмазбек Атамбаевди ушул жылдын күзүндө өтө турган Бишкек саммитине даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымдады.

«Мүчө-мамлекеттер, байкоочу-өлкөлөр Бишкек саммитинин күн тартибине кызыгып жатышат. Мунун өзү уюмдун ишине башка мамлекеттердин кызыгуусунун далилдеп турат. ШКУ кадыресе торолуп, кадыр-баркы көтөрүлүүдө”, - деп баса белгиледи Башкы катчы

Дмитрий Мезенцев ошону менен бирге ООНдун башкы катчысы Пан Ги Мун менен үстүбүздөгү жылдын март айындагы жолугушуусу тууралуу маалымдады. Жолугушууда ШКУ ООНдун институттары менен өз ара кызматташуусу, тыгыз диалогду чыңдоо жана эки уюмдун ортосунда консультацияларды үзбөй жүргүзүү тууралуу маселелер талкууланган.

Маалымат үчүн: 2012-жылдын 7-июнунда Пекинде, ШКУнун саммитинде, 2013-жылдын 1-январынан 2015-жылдын 31-декабрына чейинки  мезгилге чейин Уюмдун Башкы катчылыгына Д.Мезенцев бекитилген.

2013-жыл 3-май