Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Нобель сыйлыгынын лауреаты Джон Нэшти кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 27-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Нобель сыйлыгынын лауреаты, Бишкекке дарс окуп келген Джон Нэшти кабыл алды.

Президент мейманды тосуп жатып, окумуштуунун сапары коомубуздун интеллектуалдык өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт деп белгиледи.

«Мен Сиздин тагдырыңыз жөнүндө биографиялык драманы көргөм. Сизди Кыргызстанда көрөм деп күткөн эмесмин. Сиздин тагдырыңыз таң каларлык. Сиз биз үчүн тирүү уламышсыз, жана Сиздин сапарыңыз биз үчүн абдан  маанилүү. Сиз күчүбүзгө күч коштуңуз. Ар кандай кырдаалда жеңсе болоруна үмүт уладыңыз”, - деп айтты Алмазбек Атамбаев.

Өз кезегинде Джон Нэш Мамлекет башчысына жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазылык билдирди жана кыргыз аудиториясы жөнүндө өз таасирлери менен бөлүштү.

Жолугушууда ошондой эле Кыргызстандагы саясий кырдаал жана анын теориясын өлкөнү өнүктүрүүдө ийгиликтүү колдонуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Маалымат үчүн:

Джон Нэш – оюндар теориясы жана дифференциалдык геометрия тармагында иштеген америкалык математик.

Экономика боюнча “Кооперативдик эмес оюндардын теориясындагы тең салмактуулукка анализ” үчүн (Райнхард Зельтен жана Джон Харсани менен бирдикте) 1994-жылдагы Нобель сыйлыгынын лауреаты.

Кеңири коомчулуккакөбүнчө Рон Ховарддын “Аң-сезим оюндары” аттуу биографиялык драмасы менен белгилүү.

 

2013-жыл 27-май