Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмонду расмий тосуп алуу аземи болду

Бүгүн, 2013-жылдын 27-майында, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмонду расмий тосуп алуу аземи болуп өттү. Тажикстандын Президенти Кыргызстанга  Мамлекет башчыбыздын  чакыруусу менен келди.

Эки Президенттин жолугушуусунун расмий аземинен, ардактуу күзөттүн саламдашуусунан, Тажикстандын делегациясын кабыл алган тарапка тааныштыруудан соң, Мамлекет башчылары тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчун залга бет алышты.

2013-жыл 27-май