Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кеңейтилген курамдагы кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрү жүргүзүлдү

Бүгүн, 2013-жылдын 27-майында, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекет башчыларынын деңгээлинде Жогорку Мамлекеттер аралык координациялык кеңешинин биринчи отуруму болуп өттү.

Башында Президент Эмомали Рахмон турган Тажикстандын расмий делегациясын тосуп алуу менен Алмазбек Атамбаев Кыргызстан бул сапарга чоң маани берээрин баса белгиледи.

“Бул саясий иш чара эки тараптуу кызматташтыкты ар тараптан өнүктүрүүгө биздин эки тараптын тең умтулуусун көрсөтөт. Бул сапар өлкөлөрүбүздүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгында өтүп жатканы өзүнчө жөрөлгөлүү. 6 жылдык тыныгуудан кийин биз мамилелерибизди кайрадан жандандырып жатабыз”, - деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын Мамлекеттер аралык координациялык кеңеши жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташуунун жаңы формасы, биздин өлкөлөрүбүз ортосундагы өз ара мамилелердин өзгөчө статусу жөнүндө күбөлүк болуп калуусу керектигин белгиледи.  

“Мамлекеттер аралык координациялык кеңештин ишинин башталышы кыргыз-тажик мамилелеринин өнүгүүсүнө түрткү берип, биздин өз ара карым-катышыбызды жаңы этапка которууга шарт түзөөрүнө ишенем”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы Кыргызстан дос Тажикстандын жакшы ниеттерин жогору бааларын жана биздин өлкөбүздө да бир тууган Тажикстандын ийгиликтери менен жетишкендиктерине чын дилден кубанарыбызды кошумчалады.

“Биз Тажикстан биздин мамлекетибиздин туруктуулугуна жана бакубаттыгына чоң маани берерин жана дайыма бул максаттарга жетүүгө багытталган конкреттүү кадамдарды жасоого даярдыгын билдирип келгендигин жогору баалайбыз”, - деп баса белгиледи Президент. 

Мамлекет башчысы ошондой эле эки өлкөнүн позицияларынын окшоштугунан улам суу-энергетика чөйрөсүндөгү кызматташууну чыңдоо маселелери зор мааниге ээ экендигин белгиледи.

Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселесине келгенде Алмазбек Атамбаев бул жагынан эки өлкөнүн позициялары дал келгенин, маселени чечүү чек ара, бажы, санитардык жана башка контролдоону натыйжалуу камсыз кылууга көмөктөшөөрүн баса белгиледи.   

“Бул максатка жетиш үчүн бел чечпей иштеш керек. Чек арага канатташ облустардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, чек ара, бажы кызматтары жана укук коргоо органдары  конфликттердин алдын алуу жана ага жол бербөө боюнча өз ара аракеттерди күчөтүүгө тийиш. Болгондо да сөз менен шөкөттөп койбой, конкреттүү иштер менен ырасташы керек. Чек арага канатташ аймактардагы калктын күндөлүк турмуш-тиричилигине пайдасы тийген маселелерди чечиш керек”, - деп белгиледи  Кыргызстандын Президенти.

Өз кезегинде Эмомали Рахмон жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Тажикстан бул сапарды акыркы  беш жылдын аралыгында эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жогорку деңгээлден баа берүүгө жакшы шарт түзөт деп эсептээрин белгиледи.

“Биз үчүн бул сапар өз ара кызматташуунун жакшы жолдорун белгилеп алуунун мыкты мүмкүнчүлүгү. Келечекти аныктап, эки тараптуу мамилелердин эң актуалдуу маселелери боюнча, анын ичинде саясый, экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө позицияларыбызды ырастап алууга жакшы шарт түзүлдү”,- деди Тажикстандын Президенти.

Ошону менен бирге Эмомали Рахмон тар чөйрөдөгү жолугушууда кеңири алкактагы маселелер боюнча пикир алмашып, регионалдык жана эл аралык мүнөздөгү маселелер талкууланганын айтып өттү.

“Абдан пайдалуу сүйлөшүүлөр болду. Кыргыз-тажик мамилелери туруктуу жана ыкчам өнүгүп жатат. Бирок али да болсо пайдаланылбаган мүмкүнчүлүктөр бар. Биз мына ушул маселелердин бардыгын Мамлекеттер аралык Координациялык кеңештин алкагында комплекстүү карайбыз деп турабыз. Анын ишмердиги абдан жакшы натыйжаларды берет деп ишенебиз”,- деп баса белгиледи Эмомали Рахмон.

2013-жыл 27-май