Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Россиянын Президенти Владимир Путин менен «Ак-Сай» мамлекеттик резиденциясында жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2013-жылдын 28-майында, «Ак-Сай» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн келечектери талкууланды.

“Сизди Кыргызстанда, атактуу Ала-Арча капчыгайыбызда тосуп алганыбызга кубанычтамын”, - деп айтты Алмазбек Атамбаев.

Өз кезегинде Владимир Путин: “Сизге чакырууңуз, ушул керемет жерди көрүү мүмкүндүгү жана бизде сүйлөшүп алууга, эл аралык жолугушууну эки тараптуу мамилелерди талкуулоо үчүн пайдаланууга жетишерлик убакыт болгондугу үчүн ыраазымын”, - деп белгиледи.

 

2013-жыл 28-май