Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Бишкекте ЖККУнун бейформал саммити аяктады

Бүгүн,  2013-жылдын 28-майында Бишкекте ЖККУнун бейформал саммитинин отуруму аяктады.

Бейформал жолугушуунун алкактарында ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын сүйлөшүүлөрү аяктагандан кийин ЖККУнун Башкы катчысы Николай Бордюжа басма сөз үчүн билдирүү жасады.

Ал жолугушуунун жүрүшүндө Афганистанда түзүлүп жаткан кырдаалга байланыштуу ЖККУнун жоопкерчилик аймагындагы жагдайдын өнүгүүсү менен байланышкан маселелер талкуулангандыгын белгиледи. Анын ичинде 2014-жылдан кийин болушу мүмкүн болгон терс кесепеттерди минималдаштыруу боюнча конкреттүү чаралар талкууланган.

Ошондой эле «Россия-Казакстан-Кыргызстан-Тажикстан» бирдиктүү темир жолун куруу мүмкүндүгү жөнүндө маселе каралган.

 "Тараптар өздөрүнүн тийешелүү ведомстволоруна курулуштун максатка ылайыктуулугун, долбоордун экономикалык жана каржылык мүмкүнчүлүктөрүн иштеп чыгуу көрсөтмөсүн берүүгө макулдашышты", - деп жыйынтыктады Николай Бордюжа.

 

2013-жыл 28-май