Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Бишкекте Президенттин Кубогуна балдар арасында шахмат боюнча мелдеш өтөт

Балдарды коргоонун эл аралык күнүн майрамдоого карата Бишкекте биринчи жолу Кыргыз Республикасынын Президентинин Кубогуна балдар арасында шахмат боюнча мелдеш өткөрүлөт.

Мелдеш  2013-жылдын 29-31-майында, швейцариялык система боюнча 9 турдан өткөрүлөт. Тез шахмат боюнча үч курактык категорияда – 8 жашка, 10 жашка жана 12 жашка чейинки балдар күч сынашат.

Президенттин кол койгон буйругуна ылайык Билим берүү фондунан бул иш чараны өткөрүү үчүн каражат бөлүндү.

2013-жыл 29-май