Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Казакстанга бир күндүк жумушчу сапар менен келди

Бүгүн, 2013-жылдын 29-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевдин чакыруусу боюнча Астанага бир күндүк жумушчу сапар менен келди.

Мамлекет башчысы өлкөлөр ортосундагы интеграциялык процесстерге байланыштуу маселелер талкуулана турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйналышына катышат.

 

2013-жыл 29-май