Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Атамбаев транспорт жана коммуникациялар министрине өлкөнүн түндүк жана түштүк региондорун бириктирүүчү альтернативалуу жолду куруу долбоорун жүзөгө ашыруу боюнча ишти тездетүүнү тапшырды

Бүгүн, 2013-жылдын 5-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султановду кабыл алды жана өлкөнүн түндүк жана түштүк региондорун бириктирүүчү альтернативалуу жолду куруу долбоорун жүзөгө ашыруу боюнча ишти тездетүүнү тапшырды.

“Жаңы автомобиль трассасы өтө турган маршрут мүмкүн болуучу күтүлбөгөн кырдаалдарды эске алганда Кыргызстандын транспорт тутумунун кынтыксыздыгын камсыз кылып,  жаратылыш кырсыктарын же массалык баш-аламандыкты кошуп алганда, ал тургай өзгөчө кырдаалдарда да өлкө ичинде жүргүнчүлөрдү жана жүктү үзгүлтүксүз ташууга  толук мүмкүнчүлүк берүүгө тийиш”, - деп баса белгиледи Президент Алмазбек Атамбаев.

 

2013-жыл 5-июнь