Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Кытайдын коргоо министри Чан Ваньцюанды кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 27-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик кеңештин мүчөсү – Кытай Эл Республикасынын коргоо министри, генерал-полковник Чан Ваньцюанды кабыл алды.

“Бизде эң ишенимдүү коңшубуз – Кытай бар экенин жана Кытай Кыргызстандагы туруктуулукка жана гүлдөп-өнүгүүгө кызыкдар экенин биз билебиз. Биз дагы Кытайдын мындан да күчтүү өнүгүшүнө жана Кытайда да тынчтык жана бейпилдик болушуна кызыкдарбыз”, - деп айтты Алмазбек Атамбаев.

Өз кезегинде Чан Ваньцюань мындай деп белгиледи: “Урматтуу мырза Президент, Сиз менен жолукканыма өтө кубанычтамын. Өзүңүздүн мамлекеттик иштерден колуңуз бошобогонуна карабай, Сиз мен жана менин кесиптештерим үчүн убакыт бөлгөндүгүңүз үчүн Сизге ыракмат. Бул биздин өлкөлөрдүн жана Кыргызстан менен Кытайдын Куралдуу Күчтөрүнүн ортосундагы мамилелердин өнүгүүсүнө Сиздин чоң көнүл бурганыңызды толук ырастайт”.

Учурдан пайдаланып, КЭРдин коргоо министри Президент Алмазбек Атамбаевге КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпиндин салам-дубайын жана эң жакшы каалоолорун билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы мындан аркы аскердик-техникалык кызматташтыктын актуалдуу маселелери каралды.

Чан Ваньцюань Бишкекке Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин отурумуна катышуу үчүн келген.

2013-жыл 27-июнь