Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин кезектеги отуруму болот

2013-жылдын 5-июлунда Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин кезектеги отуруму өтөт.

Коргоо кеңеши Кыргыз Республикасынын Аскер доктринасынын долбоорун, Куралдуу Күчтөрдү башкаруу тутумун реформалоо жөнүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттеринин тизмеси тууралуу маселени караары жана талкуулаары пландалууда.

Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчылыгы

 

2013-жыл 28-июнь