Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн юристтерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 2013-жылдын 28-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын юристтерин жана юридикалык коомчулуктун ардагерлери кесиптик майрамы - Кыргыз Республикасынын Юристинин күнү менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

Урматтуу Кыргызстандын юристтери жана юридикалык коомчулуктун ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Юристтин күнү менен куттуктайм!

Юрист болуу – бул чоң жоопкерчилик. Мыйзамдардын аткарылышы, ар бир адамдын укуктары менен эркиндигинин корголушу негизинен сиздердин ишиңиздерге  жараша болот. Өлкөдөгү саясий жана социалдык туруктуулуктун сакталышы  дагы сиздерге байланыштуу.

Кыргызстандыктардын бийликке жана жалпысынан мамлекетке карата мамилеси укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, прокурорлордун, судьялардын, адвокаттардын ишине жараша калыптанат.

Бул жагдай  сиздердин  ишиңиздерге карата  адеп-ахлактык, этикалык жана укуктук жактан бийик  талаптарды коет.

Кыргызстандын юристтери мамлекеттүүлүгүбүздү чыңдоого жана укуктук мамлекетти түзүүгө өз салымын кошууга милдеттүү экендигин эсиңиздерден чыгарбаңыздар.

Бардыгыңыздарга чың  ден соолук, бакубат турмуш жана ишиңиздерге ийгилик каалайм!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                        Алмазбек Атамбаев

 

2013-жыл 28-июнь