Бүгүн, 2013-жылдын 8-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султановду кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандагы автомобиль жолдорунун курулушунун жана реконструкцияланышынын жүрүшү талкууланды. Атап айтсак, өлкөнүн «Ош - Баткен - Исфана», «Бишкек - Торугарт» жана «Түп - Кеген» сыяктуу маанилүү автожолдорунун курулуш маселелери каралды.
«Ош - Баткен - Исфана» автожол долбоору боюнча министр Президентке жакынкы күндөрдө «Баткен - Исфана» автожол тилкесинин курулушу башталарын маалымдады.
Калыкбек Султанов ошондой эле Мамлекет башчысына өлкөнүн түндүк жана түштүк региондорун жаңы маршрут боюнча бириктире турган альтернативалуу автожолдун курулушунун башталышына даярдыктын жүрүшү жөнүндө баяндады.