Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Кытайдын Тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 15-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда расмий сапары менен жүргөн Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды.

Өлкө башчысы Кытайдын Тышкы иштер министрин кабыл алууда төмөнкүнү белгиледи: “Мен билгендей, Сиздер Ысык-Көлдө ШКУ Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин алкагында жемиштүү иштеп келдиңиздер. Биз Кытайды абдан ишенимдүү өнөктөш, Кыргызстандагы гүлдөп-өнүгүү менен туруктуулукка кызыкдар коңшу катары кабыл алабыз. Биз, ошондой эле Кытайдын гүлдөп-өнүгүүсүнө жана туруктуулугуна кызыкдарбыз жана сиздердин жамандыктын үч күчү – терроризм, экстремизм жана өзгөчө сепаратизм тууралуу тезисиңерди колдойбуз”.

Кыргыз-кытай эки тараптуу кызматташтыгы боюнча Алмазбек Атамбаев төмөнкүнү белгиледи: “Акыркы жылдары бизде Кытай менен болгон мамилелер жигердүү өнүгүүдө, биздеги эки тараптуу мамилелерде жаңы этап башталууда”.

Президент үстүбүздөгү жылы Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапары тууралуу айтып, мындай деп белгиледи: “Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргыз Республикасына болчу мамлекеттик сапары жогорку деңгээлдеги таптакыр жаңы мамилелердин башталышы болот. Биз Си Цзиньпинь мырзанын сапары менен абдан чоң пландарды жана күтүүлөрдү байланыштырып жатабыз жана аны Кыргызстанда күтүүдөбүз. Си Цзиньпинь мырзага чоң салам айта барууңузду суранам”, - деди өлкө башчысы.

Учурдан пайдаланып, Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министри Ван И Президент Алмазбек Атамбаевге Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин саламын жана эң жакшы каалоолорун билдирди.

“Мен сиздердин керемет өлкөңүздөрдө биринчи жолу болушум. Кыргыз коомчулугу жетишерлик ачык-айрым, кыргыз эли күч-кубатка толуп турат, сиз жүргүзүп жаткан өлкөнү өнүктүрүү жана туруктуулукту камсыз кылуу стратегиясы кыргыз элинин узак мөөнөттүү жана түпкүлүктүү кызыкчылыктарына жооп берет. Биз, ошондой эле, Кыргызстан бул аймакта негизги, стратегиялык маанилүү абалды ээлеп турат деп эсептейбиз. Кыргызстан өз өнүгүүсү үчүн чоң потенциалга жана кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ. Кыргызстандын жакшы досу, кошунасы жана өнөгү катары кытай тарап өлкөнү өнүктүрүү үчүн сиз жумшап жаткан күч-аракеттериңизге түшүнүү жана колдоо менен мамиле кылат”, - деп белгиледи Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министри.

Жолугушууда ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.

2013-жыл 15-июль