Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев: “Силердин спорттук жеңишиңер – өлкөнүн келечегине, балдарыбыздын келечегине силердин салымыңар”

 

Бүгүн, 2013-жылдын 19-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин катышуусу менен Казандагы XXVII Бүткүл дүйнөлүк жайкы Универсиада-2013тө, бокс боюнча Иорданиядагы Азия чемпионатында, Таиланддагы күрөш боюнча улан-кыздардын арасында Азия чемпионатында жана Кореядагы Азия оюндарында жогорку натыйжаларга жетишкен спортчуларды сыйлоо болуп өттү. 

Иш чаранын жүрүшүндө Президент Алмазбек Атамбаев спортчуларга бир ирет берилүүчү акчалай сыйлыктарды жана эстелик белектерди тапшырды.

Төмөндө Президенттин сүйлөгөн сөзүнүн тезистерин келтиребиз:

“Урматтуу жеңүүчүлөр! Кымбаттуу менин досторум!

Биз сиздердин ийгилигиңерди сыймыктануу менен байкап турдук. Баардык спорттук мелдештерге татыктуу катышып Мекениңердин ишеничин актадыңар.

Өлкөбүздүн  тарыхында бокс боюнча Азия чемпионатында биринчи жолу алтын медалды биздин мекендешибиз – Азат Үсөналиев алды. Кореяда болгон Азия оюндарында алтын медалды Кыргызстандын эсебине Алексей Федосеев кошту. Оор атлетика боюнча улан-кыздар арасында Азия чемпионатында Алексей Долголев алтын медалды утту.

Дүйнөлүк жайкы Универсиадада аты уйкаш эки Нурбек балбаныбыз – Нурбек Аканов менен Нурбек Кожобеков алтын медалдарга ээ болушту.

Балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекова үмүтүбүздү актап, Таиландда болгон грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү боюнча улан-кыздар арасындагы Азия таймашында алтын медалга, Казандагы Дүйнөлүк жайкы Универсиадада болсо коло медалга ээ болду.

Баш байгелерден тышкары, сиздер Кыргызстандын эсебине көптөгөн күмүш жана коло медалдарды коштуңар. Бул кыргыз спорту кайра жанданып, бутуна тура баштагандыгын көрсөтөт.

Кымбаттуу достор!

Бул ийгиликке ата-энеңердин, устаттарыңардын салымы зор. Кандай гана  кыйынчылыктар болбосун, ага моюн бербей, ак эмгегиңер менен жеңишке ээ болдуңар!

Баарыбыз “алма быш – оозума түш” дегенден кутулсак. Ар бирибиз сиздерге окшоп аракет кылсак, мээнет кылсак. Ар бир жараныбыз маңдай тери менен үй-бүлөсүн, өзүн бакканды үйрөнсө. Сиздердей болуп, ак эмгеги менен Мекенинин атын дүйнөгө таанытса.  

Сиздердей болгон көрүнүктүү улан-кыздарыбызды жаш муунга үлгү кылалы. Өлкөнүн келечеги – сиздердин колуңуздарда!

Кымбаттуу достор!

Кыргызстан өткөөл мезгилде көбүрөөк кармалып калды. Биз карама-каршылыктарга, ички талаш-тартыштарга көп күч, убакыт коротуп койдук. Жыйырма жыл өткөн соң гана чыныгы көз карандысыздыкка багыт алдык.

Эми гана Кыргызстан улуттук кызыкчылыктарын коргоого киришти. Алдыбызга реалдуу максаттарды коюп, аларды ишке ашыра баштадык. Биздин максат – күчтүү, эркин жана өнүккөн Кыргызстанды куруу.

Ар бирибиз өзүбүздөн башташыбыз керек. Кимдир-бирөө – бийлик, тууган-туушкан же тилинен чаң чыккан  саясатчы элдин жашоо-турмушун тез арада оңойт дегенге ишенбегиле. Мындай мүмкүн эмес.

Жолду бууп, светти өчүргөн бузукулар эмес, элин тоногон жоон билектүү, же калың чөнтөктүүлөр эмес, жаштарыбыз, балдарыбыз үчүн сиздер үлгү болушуңар керек. Сиздердей болгон көрүнүктүү улан-кыздарыбызды жаш муунга үлгү кылалы. Өлкөнүн үмүтү да, келечеги да – сиздерсиңер.

Кыргыз гимни угулуп, кыргыз желеги көтөрүлгөн учурда силер жаңы Кыргызстандын тарыхын жаратып жаттыңар. Силердин спорттук жеңишиңер – өлкөнүн келечегине, балдарыбыздын келечегине кошкон салымыңар.

Силер миңдеген улан-кыздарга үлгү болуп калдыңар. Биз силер менен сыймыктанабыз!

Урматтуу балдарым менин!

Кудай ар дайым сиздерди колдосун! Жолуңарды ачып берсин!

Элибизге, жерибизге ынтымак, берекет берсин!

Бар болгула!

Бактылуу болгула!

Рахмат баарыңарга!”

Маалымат үчүн:

Кыргызстандын спортчулары бир нече ири спорттук окуяларда маанилүү ийгиликтерди көрсөтүштү, алардын арасында төмөнкүлөр бар:         

1. 2013-жылдын 6-17-июлунда Казань шаарында масштабдары жана мааниси боюнча дүйнөдө Олимпиадалык оюндардан кийинки экинчи спорттук окуя болуп эсептелген XXVII Бүткүл дүйнөлүк жайкы Универсиада-2013 болуп өттү. Анда 160тан ашык өлкөдөн спорттун 24 түрү боюнча спортчу-студенттер катышты. Кыргызстандан Универсиадага 98 спортсмен барган.

Кыргызстандын курама командасы 12 медаль утту:

алтын – 2 (Аканов Нурбек, Кожобеков Нурбек – кур тагынып күрөшүү);

күмүш – 2 (Сарбашова Нагира – кур тагынып күрөшүү, Надырбек уулу Самат -  эркин күрөш);

коло – 8 (Барпыбеков Канимет, Кушубаков Бекболсун, Алыкулова Бурул,   Келсинбеков Кадыр,   Рыскул уулу Нуржан,   Сапарбек уулу Дуулатбек - кур тагынып күрөшүү, Тыныбекова Айсулуу  - эркин күрөш, Те Артур - самбо).

2. Июнда Иорданияда өткөн бокс боюнча Азия Чемпионатында биздин Усеналиев  Азат алтын медаль, үч спортчу Эрмек Сакенов,  Омурбек Малабеков жана Сергей Паренко коло медалдарды жеңип алышты.

3. Таиланддагы күрөш боюнча улан-кыздардын арасындагы Азия чемпионатында биздин спортчулар бир алтын (Айсулу Тыныбекова), 3  күмүш жана 3 коло медаль жеңип алышты.

4. 2013-жылдын июлунда Бишкекте оор атлетика боюнча Азия чемпионаты өтүп, анда биздин 105 кгдан жогорку саомактагы спортчубуз  Алексей Долгалев алтын медаль жеңип ала алды.

5. Кореяда жабык имараттарда Азия оюндары болуп өттү. Бул оюндардын кызыгы – алар спорттун олимпиада программаларына кирбеген түрлөрү боюнча өткөрүлөт, бирок чоң кызыгууну жаратат. Биздин курама команданын эсебинде кикбоксинг боюнча бир алтын медаль (Алексей Федосеев), күмүш (Дарканбаев Сталбек) жана эки коло медаль (Касымбеков Уланбек, Жалиев Кумар) болду.Мындан тышкары тай боксу боюнча Данияр Кашгараев күмүш,ал эми бий спортунда кыргызстандыктар Алексей Кибкало менен Татьяна Когадей коло медалды жеңип алышты

 

2013-жыл 19-июль