Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президенттин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаев Эл аралык PEN-клубдун делегациясын кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 19-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаев клубдун эл аралык катчысы Хори Токияки жетектеген Эл аралык PEN-клубдун делегациясын кабыл алды.

Эл аралык PEN-клуб 2014-жылы Кыргызстанда Кыргыз Республикасынын Президентинин колдоосунда Эл аралык PEN-клубдун 80-конгрессин өткөрүүнү пландоодо.

Президенттин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаев Эл аралык PEN-клубдун 80-конгрессин Кыргызстанда өткөрүү жөнүндөгү идеясы үчүн ыраазылык билдирүү менен мындай деп белгиледи: “Сиздердин күч-аракетиңиздердин аркасында Кыргызстанга Борбор Азия регионунда ушундай кеңири масштабдуу маданий иш чараны өткөрүү мүмкүндүгү туш келди”.

Данияр Нарымбаев Кыргызстан азыркы коомдун глобалдуу социалдык өзгөрүүлөрүнүн шартында инсандын өзүн өзү идентификациялоосунун актуалдуу проблемаларын талкуулоо үчүн аянтча болуп бере аларын баса белгиледи, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев PEN-клубдун 80-конгрессин өткөрүүнү колдоорун, анткени бул иш чараны өткөрүү дүйнөлүк маданий агартуу мейкиндигинде өлкөнүн статусун жогорулатууга өбөлгө болорун маалымдады.

PEN-клубдун 80-конгрессин Кыргызстанда 2014-жылы өткөрүүнү даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү пландалууда.

Маалымат үчүн:

Эл аралык ПЕН-клуб – бул жазуучулардын бүткүл дүйнөлүк укук коргоо уюму. Ал бүт дүйнөдөгү жазуучулардын достугун жана интеллектуалдык кызматташтыгын алга жылдыруу, каршылык кылуу эркиндигин, ошондой эле идеялар үчүн куугунтукка алынган жазуучулардын таламдарын коргоо максатында 1921-жылы түзүлгөн. 

2013-жыл 19-июль