Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президенттин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаев Японияга окууга тандалган JDS долбоорунун стипендиаттары менен жолукту

Бүгүн, 2013-жылдын 19-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаев Япониянын университеттеринде окутуу үчүн тандалып алынган JDS долбоорунун стипендиаттары менен жолугушту.

Жеңүүчү, стипендия ээлерин куттуктап: “Бул сиздердин чоң ийгилигиңер. Биз жаңы, өнүккөн Кыргызстанды курууга умтулуп жатабыз. Демек, Япониядан окуп келгенден кийин сиздер өлкөбүз үчүн абдан баалуу кадрлардан болосуңар”, - деди Данияр Нарымбаев өз сөзүндө.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси 2007-жылдан бери мамлекеттик жана муниципалдык кызмат үчүн кадрларды даярдоодо өлкөбүзгө гранттык негизде JDS долбоору аркылуу жардам берип келе жаткан Япониянын Өкмөтүнө ыраазылык билдирди.

Данияр Нарымбаев ошондой эле  2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы кабыл алынгандыгын белгилеп, стипендиаттар Япониядан билим алып, Кыргызстанга келгенден кийин Стратегиянын ишке ашырылышына өздөрүнүн салымын кошоруна чоң үмүттө экендигин кошумчалады. 

Өз кезегинде Япониянын Кыргыз Республикасындагы иштери боюнча Убактылуу ишенимдүү адамы Ясумаса Иижима, Япониянын Кыргыз Республикасындагы эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Туруктуу өкүлү  Такаюки Ояма JDS долбоору мындан ары да улантыла берерин, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоодо Кадрларды даярдоо үчүн Япониялык гранттык жардам программасы өз жемишин бере баштагандыгын белгилешти.

Жеңүүчү, стипендия ээлеринин атынан Дастанбек Абдылдаев жана Савитахун Исаков сөз сүйлөшүп, жогорку деңгээлдеги көңүл бурууга ыраазылыгын билдиришти жана өлкөбүздүн келечеги үчүн иштеп берүү максатында Япониядан татыктуу билим алып келүүгө убада беришти.

 Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Аалы Карашев, Япониянын Кыргыз Республикасындагы иштери боюнча Убактылуу ишенимдүү адамы Ясумаса Иижима, Япониянын Кыргыз Республикасындагы эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Туруктуу өкүлү Такаюки Ояма жана Кадрларды даярдоо үчүн Япониялык гранттык жардам программасы боюнча стипендияларды берүү долбоорунун (JDS) жеңүүчүлөрү (15 киши), журналисттер катышты.

Маалымат үчүн: JDS долбоору – бул Япониянын Кыргыз Республикасына мамлекеттик жана муниципалдык кызмат үчүн кадрларды даярдоодо жардам берүү үчүн түзүлгөн долбоору. JDS долбоору жыл сайын конкурс аркылуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык 15 кызматчысына Япониянын алдыңкы университеттеринде англис тилинде эки жыл окуп келүүгө мүмкүндүк берет. Жыйынтыгында алар магистр даражасын алышат. Долбоор башталгандан бери Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынан стипендиаттардын 6 тобу, баш-аягы  101 киши жөнөтүлүп, бүгүнкү күнгө 71 стипендиат өз диссертацияларын жактап, Кыргызстанга кайтып келишти.

2013-жыл 19-июль