Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Билим күнү № 82-орто мектептин салтанатуу линейкасына катышты

Бүгүн, 2013-жылдын 3-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Ала-Тоо» конушунда жайгашкан № 82-орто мектептин салтанатуу линейкасына катышты.

Мамлекет башчысы Билим күнүнүн маанисин баса белгилеп, «Ала-Тоо» конушундагы бул мектепке кокусунан келбегендигин айтып өттү. “Эсиңиздерде бар чыгаар, өткөн жылы мен мектепти келип кеткем. Каржылоонун кармалганынан улам бир жылдын аралыгында мектептин курулушун бүтүрө албай калдык. Ошого карабастан мен сиздер менен жолугуп, курулуштун кечеңдешинин себептерин түшүндүрүүнү туура көрдүм. Буйруса, келерки окуу жылына биз убадабызды аткарабыз. Сиздердин жаңы мектеп куруп беребиз. Боордош Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев агабызга рахмат, мектептин курулушуна каражат бөлүп берди”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Президент ошону менен бирге мектептин көйгөйлөрү эгемендик жылдары бардык билим берүү тармагындагы  жагдайды таасын чагылдырып тураарын белгиледи. “Акыркы үч жылдын аралыгында билим берүүгө бөлүнгөн каражат эки эсе өстү. Азыр биз билим берүү тармагына бюджеттин 20% жумшап жатабыз. Бирок мугалимдердин социалдык жактан коргоо жана татыктуу айлык акы төлөп берүү жагында дагы бир топ иштерди аткарышыбыз зарыл”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы мугалимдерге эмгеги, чыдамкайлыгы үчүн ыраазычылык билдирип, мамлекеттик бюджетин киреше бөлүгү өскөн сайын  мугалимдердин айлык акылары гана көтөрүлбөстөн, пенсия, пособия дагы жогорулаарын маалымдады.

 “Биз  билим берүүнүн сапатын жогорулатууга тийишпиз. Билимдүү жаштар – күчтүү мамлекеттин негизи”,- деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Президент Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак-жай чарба мамлекеттик агенттигинин директору Каныбек Нарбаевге келерки окуу жылына чейин «Ала-Тоо» конушундагы 1200 орундуу жаңы мектептин курулушун толук аяктоо  боюнча тапшырма берди.

Ошондой эле, Президент Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловго кийинки окуу жылдын башталышына чейин конуштагы “Ала-Тоо” көчөсүнүн ремонт иштерин бүтүрүүнү тапшырды.

Мамлекет башчысы мектептин жамаатына интерактивдик доска жана 100 миң сомго китептерди белек катары тапшырды.

Салтанаттуу линейка бүткөндөн кийин Алмазбек Атамбаев «Ала-Тоо» конушунун тургундары менен жолугуп, алардын өтүнүчтөрүн, пикирлерин угуп, кызыктырган суроолоруна жооп берди.

2013-жыл 3-сентябрь