Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Билим берүүнү өнүктүрүү боюнча коомдук эксперттик кеңештин мүчөлөрү менен жолугушту

Бүгүн, 2013-жылдын 6-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Президент Алмазбек Атамбаев Билим берүүнү өнүктүрүү боюнча коомдук эксперттик кеңештин мүчөлөрү менен жолугушту.

Өз сөзүндө мамлекет башчысы Кеңештин мүчөлөрүн иши үчүн ыраазычылык билдирип, бир жылдын ичинде билим берүү тармагындагы кырдаал талдоого алынып, көптөгөн маселелер боюнча сунуштар иштелип чыкканын белгиледи.  

Алмазбек Атамбаев билим берүү тармагындагы реформалар начар жүргүзүлүп жатканын айтты. “Мен эксперттердин ойлору менен макулмун, аларга ылайык Билим берүү жана илим министрлиги жүргүзүлүп жаткан реформалардын жыйынтыктарын коомчулукка кандай көрсөтүш керек экен боюнча так стратегияны иштеп чыгыш керек. Бул же башка өзгөрүүлөр эмне максатта жасалып жатканын коомчулук түшүнүш керек”, - деди Президент.

Ошондой эле ал заманбап мектеп билим берүүнүн жыйынтыктары адамга коомдо жакшы жашоону камсыз кылыш керек экендигин баса белгиледи.

“Эксперттердин баасы боюнча мектеп билим берүүсүнүн мазмунун модернизациялоо боюнча реформалоонун багыты убагында калыптанып, актуалдуу болуп эсептелет.  Бирок реформаны ишке ашыруу кайра эле көп проблемаларды жаратып, көп жакшы жагдайларды жокко чыгарды”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Президент билим берүүнүн бардык баскычтарында, айрыкча мектепке чейинки билим берүүнүн негизги бөлүгү болгон тарбиялоо маселелерине өзгөчө басым жасады.

Мугалимин бала дайыма эстеп, өмүр бою баалап, эмгеги жана берген билими үчүн ыраазы болгондой чыныгы мугалим болуш керек, деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Өз кезегинде эксперттер Замира Дербишева, Мукаш Базаркулов, Марина Глушкова, Анара Дауталиева, Замира Дербишева, Алия Джусупова, Арстан Жаналиев, Толкунбек Исаков, Владимир Коротенко, Уланбек Мамбетакунов, Кушбакали Таджибаев жана Улан Рыскелдиев билим берүү тармагындагы абал боюнча өздөрүнүн көз караштарын айтышты.

 Президент Кеңештин мүчөлөрүн чечкиндүү аракет жасоого мүмкүндүк берген билим берүү тармагын реформалоо боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгууга чакырды. “Кеңеш өзүнүн мүмкүнчүлүгүн толук пайдаланган жок”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Ошону менен бирге, Мамлекет башчысы билим берүүнү реформалоо боюнча  Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан конкреттүү сунуштардын жоктугун белгилеп, ведомствого проблемаларды карап чыгып,  милдеттерди так иштеп чыгууну тапшырды.

Маалымат үчүн: Коомдук эксперттик кеңеш билим берүүнү өнүктүрүү жана Кыргызстандын жарандарынын жаңы муунун тарбиялоо боюнча мамлекеттик саясатты түзүү жана жүзөгө ашыруу боюнча ишке жарандык коомдун жана эксперттик жамааттын өкүлдөрүн тартуу максатында түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы кеңеш берүүчү орган болуп саналат.

Коомдук эксперттик кеңештин негизги милдети болуп билим берүүнү өнүктүрүү жана Кыргызстандын жарандарынын жаңы муунун тарбиялоо маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгуу саналат.

2013-жыл 6-сентябрь