Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев: “Күлүйпа Кондучалова асмандагы жылдыздай жарык из калтырып кетти”

Бүгүн, 2013-жылдын 9-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Баатыры Күлүйпа Кондучалованын -  ысымын ХХ кылымдын 60-80-жылдарында Кыргызстандын маданиятынын кайра жаралуусу менен байланыштырышкан легендарлуу инсандын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу  коштошуу зыйнатына катышты.

Президент өз сөзүндө биз бүгүн  Кыргызстандын искусствосуна жана маданиятына зор салым кошкон өлкөнүн улуу коомдук ишмерлеринин бири менен коштошуп жатабыз деп белгиледи.

 “Дал ушул 1958-1980-жылдары  искусствонун бардык багыттары: балет, опера, кинематография, сүрөт  дүркүрөп өнүккөн. Окумуштуулардын айтымында Жер планетасы  жаңы жылдыз жарылгандан улам жаралган экен. Менимче Күлүйпа эжебиз өңдүү адамдарда дал ошол жарык жылдыздардын бир бөлүгү жашайт. Мындай адамдар  асмандагы жылдыздар сымал жашап өтүшөт. Алар жарк этип жанып, артында жарык из калтырып кетет”,- деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы Күлүйпа Кондучалова эмгек ишмердигин  катардагы мугалимдиктен баштап,  Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасынын орун басарлыгына чейин көтөрүлгөндүгүн белгилеп өттү. Кыргызстандын тарыхында ал легендарлуу маданият министри катары калды. “Эже сыяктуу министрлер ага чейин болгон эмес, мындан ары дагы болоору белгисиз. Күлүйпа эжебиздин ысымы  Кыргызстандын тарыхына алтын тамгалар менен жазылып калат”,- деп  баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Президент ошону менен катар,  Күлүйпа эжебизди искусство жана маданият адамдары гана эмес, бардык кыргызстандыктар эстеп жүрөөрүн белгиледи.

 «Азыркы жетекчилер эжебизден үлгү алышы керек», - деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Коштошуу зыйнатына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев, Өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын, Бишкек мэриясынын  жетекчилери, маданият жана искусство ишмерлери, Күлүйпа Кондучалованын туугандары, жакын адамдары  дагы катышышты.

Күлүйпа Кондучалованын сөөгү Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

2013-жыл 9-сентябрь