Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев: “Эл аралык Олимпиада комитетинин күрөштү олимпиадалык оюндардын программасына кайта кошуу тууралуу чечими Кыргызстандын спортчуларына кеңири жол ачат”

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  спорттук күрөштү эң кур дегенде 2024-жылга чейин  жайкы Олимпиада оюндарынын программасына кайта кошуу тууралуу Эл аралык Олимпиада комитетинин  125-сессиясынын чечими менен канааттануусун билдирди.

 “Эл аралык Олимпиада комитетинин чечими Кыргызстандын спортчулары үчүн жакшы  жол ачып жатат. Бизде күрөш спорттун негизги түрлөрүнүн бири болуп саналат.  Акыркы кезде Кыргызстандын балбандары  ири эл аралык мелдештерде, Азиянын чемпионатында, Казандагы Бүткүл дүйнөлүк жайкы Универсиада-2013тө  бир катар жеңиштерге жетишти”,- деп  белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы ошону менен катар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө  алдыдагы Олимпиада оюндарына жана башка эл аралык ири мелдештерге карата  спортчуларды даярдоо программасын толук аткарууга жакшы көңүл буруп, кошумча чараларды  караштыруу тууралуу тапшырма берилээрин белгиледи.

 

 

 

 

2013-жыл 10-сентябрь