Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келди

Бүгүн, 2013-жылдын 10-сентябрынын кечинде, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин мамлекеттик сапар менен Кыргыз Республикасына келди.

Эл аралык “Манас” аэропортунда  Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин  Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинди тосуп алуу салтанаты болуп өттү.

Флагштоктордо Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын  мамлекеттик желектери бийик көтөрүлдү, Ардактуу күзөт коюлуп, эки өлкөнүн гимндери жаңырды.

Эртең, 2013-жылдын 11-сентябрында КЭР Төрагасынын  Кыргызстанга мамлекеттик сапары башталат.

Си Цзиньпин ошондой эле,  2013-жылдын 13-сентябрында өтө турган   Шанхай кызматташуу уюмунун мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына  катышмакчы.

 

 

2013-жыл 10-сентябрь