Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлду

Бүгүн, 2013-жылдын 11-сентябрында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргызстанга Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапарынын алкактарында эки тараптуу бир катар документтерге кол коюу салтанаты болуп өттү.

Атап айтсак, төмөнкү документтерге кол коюлду:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы техника-экономикалык кызматташтык боюнча макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө автомобилдерди кабыл алуу-берүү актысы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда «Кыргызстан-Кытай» газтүтүгүн куруудагы жана пайдаланууга берүүдөгү кызматташтык жөнүндө макулдашуу;

- КР саламаттык сактоо министрлиги жана КЭРдин кытай салттуу медицинасы боюнча Мамлекеттик башкармалыгынын ортосунда кытай салттуу медицинасы жаатындагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандуму;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен КЭР Эксимбанкынын ортосунда Бишкек шаарынын ЖЭБин (ТЭЦ) модернизациялоо боюнча, ошондой эле Түндүк-Түштүк автожолунун курулушу боюнча насыялык макулдашуулар;

- Кыргыз Республикасынын РСК Банкы менен КЭРдин Өнүктүрүү Банкынын ортосунда 10 млн АКШ долларын жаңы салуу жөнүндө макулдашуу;

- Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу жөнүндө биргелешкен декларациясы; 

- «Кыргыздипсервис» мамлекеттик ишканасы менен ШКУ салттуу медицинасын өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча Кытай ассоциациясынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу;

- Кубаттуулугу жылына 800 миң тонна болгон “Кыргыз мунайды кайра иштетүү заводу” обьектиси боюнча “Шенси көмүр-химия өнөр жай корпорациясы” ЖЧКсы, “Жунда Чайна Петроль компани” ЖЧКсы жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы жөнүндө алкактык макулдашуу.

2013-жыл 11-сентябрь