Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев ЖККУ Башкы катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 11-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Башкы катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды.

ЖККУ Башкы катчысы Мамлекет башчыга Россия Федерациясынын Сочи шаарында 23-сентябрында боло турган ЖККУ Жааматтык коопсуздук Кеңешинин саммитине даярдыгы жөнүндө маалымат берди. Ошондой эле ЖККУда Кыргызстандын төрагалыгы алкагында өтүп жаткан иш чаралар талкууланды.

2013-жылдын 13-сентябрында Николай Бордюжа Бишкекте  өтө турган Шанхай кызматташуу уюмунун жыйынына катышат.

 

2013-жыл 11-сентябрь