Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев БУУнун Башкы катчысынын Атайын өкүлдөрүн Ян Кубиш менен Мирослав Енчаны кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 12-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Шанхай кызматташуу уюмунун саммитине катышууга келген Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын Афганистан боюнча Атайын өкүлү Ян Кубишти жана Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын Атайын өкүлү, Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча БУУнун Регионалдык борборунун башчысы Мирослав Енчаны кабыл алды.

Жолугушууда регионалдык коопсуздук жана Борбордук Азияда экономикалык кызматташуу маселелери талкууланды.

 

2013-жыл 12-сентябрь