Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Ирандын Президенти Хасан Роухани менен жолугушту

Бүгүн, 2013-жылдын 12-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Бишкекке Шанхай кызматташуу уюмунун мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин Саммитине катышуу үчүн келген Иран Ислам Республикасынын  Президенти Хасан  Роухани менен жолугушту.

Президент Алмазбек Атамбаев Иран жетекчисин кыргыз жергесине куш келипсиз деп кабыл алып, жогорку мамлекеттик кызматка шайланышы менен куттуктады. ”Бул  иран элине көптөгөн жакшылыктарды алып келээрине ишенем. Мамлекеттин жаңы башчысы катары чет элдик алгачкы сапарыңыз Кыргызстанга багытталгандыгы бизди кубандырат”,- деди Президент.

Өз кезегинде Хасан Роухани Алмазбек Атамбаевди жана  Кыргызстандын элин өткөн Эгемендик күнү менен куттуктады. “Сиздердин керемет өлкөңөргө келгениме куштармын. Иран дипломатиялык мамилелерди орнотуп, Кыргызстандын эгемендигин биринчилерден болуп тааныган. Биз ар дайым мамилелерди активдештирүүнү колдоп келебиз”,- деди Хасан Роухани.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин, ошондой эле  Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуунун мындан аркы келечегин талкуулашты.

 

2013-жыл 12-сентябрь