Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Индиянын тышкы иштер министри Салман Хуршидди кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 12-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Бишкекке Шанхай кызматташуу уюмунун мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин Саммитине катышуу үчүн келген Индия Республикасынын  тышкы иштер министри Салман Хуршидди кабыл алды.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Министр Салман Хуршид индия эли Кыргызстанды өзгөчө урматтаарын белгилеп, Президент Алмазбек Атамбаевге Индиянын Президентинен жана Премьер-министринен салам айтты.

Тараптар жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн мамилелеринде ишке ашырылбаган чоң мүмкүнчүлүктөр жана экономиканын түрдүү тармактарында жана билим берүү чөйрөсүндө биргелешкен келечектүү долбоорлор  бар экендигин белгилешти.

 

2013-жыл 12-сентябрь