Бүгүн, 2013-жылдын 17-сентябрында, Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады.
Куттуктоо телеграммасында мындай деп белгиленет:
«Урматтуу Алмазбек Шаршенович,
Туулган күнүңүз менен чын жүрөктөн куттуктайм.
Бүгүнкү күндө сиздин жетекчилик менен достук мамиледеги Кыргызстан мамлекеттүүлүк жана эгемендүүлүк, демократия жана укуктуулук, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн динамикасын бекемдөө жолунда ишенимдүү бара жатат.
Биздин эки элдин ортосундагы кылымдар бою жашап келген достук жана өз ара түшүнүү мамилелери мындан ары да азербайжан-кыргыз кызматташтыгынын мындан аркы өнүгүүсү жана кеңейүүсү үчүн бекем тирөөч болоруна ишенем.
Ушул күнү Сизге, урматтуу Алмазбек Шаршенович кааларым, чың ден соолук, Сиздин мамлекеттик ишмердигиңизде бакыт-таалай жана ийгилик.
Урматтоо менен,
Ильхам Алиев».