Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев: “Жаратылышка жасаган мамиле – коомдун жетилгендигинин көрсөткүчү. Азыркы адамдардын жоопкерчилигинин көрсөткүчү”

Бүгүн, 2013-жылдын 23-октябрында, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Ак илбирсти сактоо боюнча Бүткүл дүйнөлүк форумга катышып жатат.

Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү:

Ардактуу меймандар, урматтуу достор!

Бүгүн силердин алдыңарда чыгып сүйлөш мен үчүн чоң сыймык. Жер жүзүнүн бардык булуң-бурчунда миллиондогон адамдар жаратылышты коргоп күрөшүп жатышат. Бул иш менен бардыгыбыздын дүйнөгө болгон көз карашыбызды өзгөртүп, жаратылышты, жан-жаныбарларды сактап калууга көмөктөшүп жатасыздар.

Жалпы Кыргызстандын элинин атынан бардыгыңыздарга  кыргыз жергесине кош келипсиңер демекчимин.

Бүткүл дүйнөлүк форум өткөрүү тууралуу биздин демилгебизди ак илбирс жашаган өлкөлөр колдоого алынгандыгына ыраазычылык билдирем. Биздин демилгебизди жаратылышты коргоо тармагында иш жүргүзгөн эл аралык, бейөкмөт уюмдары колдоого алынгандыгына да кубанычтамын.

Ак илбирсти коргоо маселеси боюнча мен мекендештериме, кыргызстандыктарга өзгөчө кайрылып кетким келет!

 

Урматтуу мекендештер!

Ак илбирс – кыргыздар үчүн эзелтен ыйык жаныбар болчу. Ак илбирс, кабылан элибизде дайыма кыргыз элинин, кыргыз баатырларынын колдоочусу болуп эсептелчү.

Биринчи кыргыз Кагандын аты Барсбек деп бекеринен коюлган эмес. Билесиздер, тарыхта бар, Орто Азиялык биздин бир жигит араб чөлдөрүнө - Мысырга, Египетке барып, ал жерде өз эрдиги, өз акылы менен султан болгон. Ал жигиттин аты да Бейбарс султан.

Манас дастанын окусаңыз да, Манас атабыздын колдоочусу ак кабылан, ак илбирс болгонун билесиз.

Улуу Чыңгыз Айтматов акыркы романында илбирсти көп көрсөтөт. Китептин аталышы да «Тоолор кулаганда» деп бекеринен коюлган эмес. Акыркы 20 жылдын ичинде биздин тоолорубуздагы илбирстин саны эки эсеге азайган. 90-жылы Кыргыз тоолорунда 600 илбирс болсо, акыркы маалымат боюнча 300гө жакын гана илбирс калган.

Улуу Төлөмүш Океевтин акыркы фильми да «Ак илбирстин тукуму» деп аталат. Фильмдеги кыргыздар өзүн ак илбирстин урпактарыбыз деп эсептейт.

Урматтуу мекендештер!

Ошол ак илбирстин урпактары, кыргыздар, азыркы күндө ак илбирсти тебетей кылам, жака кылам, терисин сатам деп өлтүрүп  жатканы бул кандай?

Менимче, андайлар кыргыз эмес – манкурт! Ак илбирсти атсаң – өз элиңди атып жатасың! Ак илбирстин терисин сатсаң – өз жериңди сатып жатасың!

Кымбаттуу достор!

Адамзат тарыхы жаратылышты ресурстардын булагы катары гана караган байыркы цивилизациялардын кейиштүү тажрыйбасын жакшы билет.

Миңдеген жылдар мурда Египетте Жер Ортолук деңиздин жээгиндеги жана Африканын атлантика жээктериндеги токойлордун баарын толугу менен кыйып жок кылышкан. Бүгүнкү күндө Сахарадан Гобиге чейин созулган чөл тилкеси бир кезде түбөлүккө калабыз деп чиренген державалардан калган кейиштүү мурас. Байыркы цивилизациялардын гүлдөшү жана кыйрашы жаратылыш системасынын жакырланышы сөзсүз экологиялык катастрофага алып келээрин ачык далилдеди. Андан  эч кандай байлык же бийлик  сактап кала албайт.

Биз тарыхтан сабак алууга үйрөнүшүбүз керек. Биз үчүн жалпы адамзат жапа чегип калбагандай ката кетирбегенге үйрөнөлү.

Жаратылышка жасаган мамиле – коомдун жетилгендигинин көрсөткүчү. Азыркы адамдардын жоопкерчилигинин көрсөткүчү.

Ооба, бүгүн адамдын колунан көп нерсе келет. Бирок адам баласынын колунан келбей турган иштер бар экенин эсибизден чыгарбайлы. Адам жашоо-тиричиликтин негизги шарттарын түзө албайт. Муну табигат гана жасай алат, ал эми анын алдындагы жоопкерчилик биздин жашообуздун маанилүү бөлүгү.

Бардык тирүү жандыктар жашоого укуктуу. Анын ичинде толугу менен жоголуп кетүү коркунучу алдында турган ак илбирс дагы бар.

Ак илбирстер мекендеген өлкөлөрдүн башка да көйгөйлөрү толтура экенин билем. Кыргызстанда да көйгөйлөр жетиштүү.

Бирок эгерде бүгүн биз ак илбирсти сактап калуу үчүн чечкиндүү кадамдарга барбасак, табигаттын бул баа жеткис белегин түбөлүккө жоготуп алабыз. Ансыз да миңдеген сейрек кездешүүчү, кайталангыс жаныбарлар менен канаттууларды түбөлүккө жоготуп алдык.

Кыргызстанда ак илбирс Кызыл китепке киргизилген жана биз бул асыл жана ажайып жаныбарды сактоо үчүн болгон күчүбүздү жумшайбыз. Мисалы, он беш жыл мурда биздин Сарычат-Эрташ корунун аймагында жапайы туяктуу жана жырткыч жаныбарлар тобу дээрлик жоголуп бараткан. Бирок элдин, адистердин аракетинен улам учурда ал жерде 20 илбирс жана 2500 аркар мекендейт. Бул кичинекей жеңишибиз эгерде биз бардык аракетибизди жумшасак, мындан да чоң натыйжаларга жете аларыбызды далилдеп  турат.

Бүгүн ак илбирс эл аралык деңгээлде коргоого муктаж.  Биздин оюбузча, ак илбирстин жоголуп кетүү коркунучу эл аралык коомчулуктун көңүл борборунда, ал эми бул түрдү сактап калуу – жалпыбыздын жоопкерчилигибиз болушу керек.

Менин оюмча, ак илбирс мекендеген мамлекеттердин расмий делегацияларынын Бишкек декларациясын кабыл алуу жана ак илбирстин экосистемаларын сактоо боюнча Глобалдык программасын бекитүү мамлекеттердин биргелешкен чоң ишке даярдыгы, алардын ак илбирсти сактоо  ишине берилгендигинин далили болот эле.

Ак илбирске арналган дүйнөлүк форум бийик тоолуу экосистемаларды сактоо жана туруктуу өнүктүрүү идеясын колдоону эл аралык деңгээлде бекитет.

Жалпы аракеттер менен биз ак илбирс мекендеген өлкөлөрдүн ортосундагы байланышты кеңейтүүгө жана аймактык, глобалдык био ар түрдүүлүктү сактоо үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачып, өнүктүрүүгө көмөктөшсөк болот.

Урматтуу жыйындын катышуучулары!

Сөзүмдү жыйынтыктап жатып, практикалык мүнөздөгү абдан маанилүү маселени көтөргүм келип турат. Бүгүн Форумдун күн тартибинде ак илбирстин экосистемасын сактоо боюнча Глобалдык программаны ишке ашыруунун  Катчылыгын түзүү - башкы максаттардын бири.

Биз Катчылыкты Бишкек шаарында жайгаштырып, анын ишмердигин дайым колдоп туруу милдетин алууга даярбыз.

Албетте, бүгүн адамзат чечип жаткан ири көйгөйлөрдүн жанында ак илбирсти коргоо кимдир бирөөнө маанисиз проблема болуп сезилиши мүмкүн.

Бирок тарыхтын тажрыйбасы үйрөткөндөй, табигат менен өз ара мамиле жаатында маанисиз маселелер болбойт. Тереза Эне айткандай: «Биз кичине иштерди улуу сүйүү менен жасашыбыз керек». Жаратмандарга, жери-элин урматтаган адамдарга таандык сүйүү жана жоопкерчилик менен.

Өлкөнүн Президенти жана анын жараны катары мен биздин жаратылыштын көркүн чыгарып, ажайып кылган ошол баалуу мурасты сактап калуу боюнча абдан чоң жоопкерчиликти жана милдетти сезип турам. Бүгүн биз алгачкы кадамдарды жасап жатабыз. Биргелешип, алдыга койгон максаттарыбызга жетебиз деп ишенем – дүйнөнү, жаратылышыбызды, анын көп түрдүүлүгүн сактай алабыз. Анын ичинде биздин тоолордун көркү – ак илбирсти да сактап калалы!”

 

2013-жыл 23-октябрь