Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы Джуди Ченг-Хопкинсти кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 23-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын жардамчысы, БУУнун тынчтык орнотууну колдоо боюнча офисинин башчысы Джуди Ченг-Хопкинсти кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы БУУнун Башкы катчысынын жардамчысына өлкөдөгү социалдык-экономикалык жана ички-саясый кырдаал тууралуу маалымат берип, кабыл алынган стратегиялык документтерге, сот системасынын жана укук коргоо органдарынын реформасына басым жасады.

Президент ошондой эле 2013-2017-жылдардын мезгилине өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында этностор аралык мамилелерди жөнгө салууга өзгөчө көңүл бурулгандыгын белгиледи.

Мамлекет башчысы БУУнун өкүлдөрүнүн өлкөнүн мамлекеттик органдары менен кызматташуу деңгээлине канааттангандыгын айтты. “Ушул иштин натыйжалары жакшы болооруна ишенем”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Өз кезегинде БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы Джуди Ченг-Хопкинс  дагы Уюмдун өлкө менен кызматташтыгы мындан ары да өнүгөөрүнө ишенимин билдирди. “Кыргызстанда  тынчтыкты чыңдоонун алкагында жасалып жаткан иштер мага жакшы таасир калтырды”, - деп белгиледи Джуди Ченг-Хопкинс.

 

2013-жыл 23-октябрь