Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин Төрагасы, Премьер-министр жана Жогорку соттун Төрайымы менен жолугушту

 

Бүгүн, 2013-жылдын 30-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев   жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун  Төрайымы  Феруза Жамашева менен жолугушту.

Кыргызстандын Президенти жана жогорку мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот  мамлекеттик бийлик бутактарынын жетекчилери  узап бара жаткан 2013-жылдын негизги жыйынтыктарын талкуулашып, бул жыл өлкөбүз үчүн жалпысынан жакшы жыл болгондугун белгилешти. Жыл ичинде  жаралып жаткан кыйынчылыктарга карабастан,  Кыргызстан укуктук мамлекет куруу жолунда ишенимдүү бара жатат. “Узап бара жаткан жыл  оор, бир топ драмалуу, бирок жалпысынан алганда  жакшы жана өндүрүмдүү жыл катары баалайм”,- деди мамлекет башчысы.

Алмазбек Атамбаев жакынкы беш жылга  Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын бекитилиши  экономикалык өнүгүүгө,  орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү келечекте топтолгон  проблемаларды чечүүгө олуттуу негиз түзгөндүгүн белгиледи.

 “Алгачкы беш миллиард доллар инвестиция тууралуу макулдашууларга жетиштик. Кыргызстандын энергетикалык жана транспорттук  коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ири долбоорлор ишке ашырыла баштады. Биз тандап алган жолубуз менен ырааттуу жана ишенимдүү бара жатабыз, экономикасы өнүккөн чыныгы демократиялуу жана эгемендүү өлкө куруп жатабыз”, -деди Мамлекет башчысы.

Ошону менен бирге өлкөнүн жогорку  жетекчилигинин өкүлдөрү  2014-жылдын пландарын талкуулашты  жана өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиялык  максаттарын  жана  Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын ишке ашыруу боюнча бийлик бутактарынын  иштерин мындан дагы системалуу жүргүзүү зарылчылыгын  белгилешти.

2014-жылы коррупцияга каршы күрөштү улантуу зарылчылыгы тууралуу айтып келип, Алмазбек Атамбаев  бул иш  Кыргызстандын калкы анын жакшы жыйынтыктарын күндөлүк  турмушунда  мындан дагы даана сезгидей жүргүзүлүшү зарыл экендигин баса белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев Жаңы жылда бийликтин үч бутагынын жетекчилерине Кыргызстандын жыргалчылыгы үчүн жакшылык жана ийгилик каалады.

 

2013-жыл 30-декабрь