Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев вице-премьер-министр Токон Мамытовду кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 11-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Токон Мамытовду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө вице-премьер-министр Мамлекет башчысына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Тажикстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөттөрү менен бирдикте чек ара маселелерин чечүү боюнча жүргүзүп жаткан иштери туурасында маалымат берди.  Тактап айтканда, Токон Мамытовдун сөзү боюнча тиешелүү өкмөттөр аралык комиссиянын ишмердүүлүгүн активдештирүү жолу менен мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо процессин тездетүү милдети коюлуп жатат.

Вице-премьер-министр кыргыз тарап өз ишинде мамлекеттик чек аралардын сызыгын аныктоого байланыштуу маселелерди чечүүдө конструктивдүү мамиле жасоону колдоп жаткандыгын баса белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев вице-премьер-министри Токон Мамытовго Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча иштерди жүргүзүүдө биринчи кезекте өлкөнүн кызыкчылыктарын эске алып, чек аралар канатташ жерлерде келип чыккан маселелерди ыкчам чечүү боюнча тапшырма берди.


 

2014-жыл 11-январь