Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын интеграциялык бирикмелерге катышуу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү

Бүгүн, 2014-жылдын 4-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн интеграциялык бирикмелерге катышуу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө КР вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев менен экономика министри Темир Сариев Мамлекет башчысына Кыргыз Республикасынын  Бажы союзуна кирүү боюнча «жол картасын» иштеп чыгуу  жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.

Жолугушууда Кыргызстан интеграциялык бирикмелерге кошулуу шарттары  талкууланды. Кеңешменин катышуучулары экономика, миграция саясаты, жумушчу орундарды түзүү жана интеграциялык процесстерге байланыштуу экспорттук потенциалды арттыруудагы артыкчылыктуу милдеттерди чечүү үчүн көрүлчү чараларды талкуулашты.

2014-жыл 4-февраль