Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Сочи шаарында XXII Олимпиадалык кышкы оюндарда Кыргызстандын намысын коргогон Дмитрий Трелевский менен жолугушту

 

2014-жылдын 9-февралында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Сочи шаарында XXII Олимпиадалык кышкы оюндарда Кыргызстандын намысын коргогон Дмитрий Трелевский менен жолугушту.

Мамлекет башчысы кыргызстандык спортчуну Олимпиаданын салтанаттуу ачылышында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желегин көтөрүп өткөндүгү жана тоо лыжа спортунда жогорку көрсөткүчтөргө жетишип, Олимпиада оюндарында өлкөбүздүн намысын коргоп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Алмазбек Атамбаев Дмитрий Трелевский үч түр боюнча (супер гигант, гигант слалом жана слалом) Олимпиадага катышуу лицензиясын жеңип алууга машыктыруучусу Игорь Борисовдун кошкон салымын дагы белгилеп өттү.

Дмитрий Трелевскийдин айтымында 2014-жылдын 16-февралында супер гигант, 19-февралда гигант слалом жана 22-февралда слалом боюнча  мелдештер өткөрүлөт. Спортсмен кышкы Олимпиадада Кыргыз Республикасынын намысын татыктуу коргоого бардык күч-аракетин жумшаарын белгиледи.

Дмитрий Трелевский мелдештерге катышууда колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев Дмитрий Трелевскийге Сочиде ийгиликтерге жетишип, мындан аркы спорт таржымалында дагы жаңы бийиктиктерди багынтышына тилектеш экендигин билдирди.

 

2014-жыл 10-февраль