Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев АКШ Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Ниша Десаи Бисвалды кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 3-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик катчысынын Түштук жана Борбордук Азия иштери боюнча жардамчысы Ниша Десаи Бисвалды кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө өз ара кызыкчылык жараткан тармактардагы Кыргыз Республикасы  менен АКШ ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды.

АКШ Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Ниша Десаи Бисвал Кыргызстандын жетекчилигине Афганистанда кырдаалды стабилдештирүү боюнча коалициянын аракеттерин колдоодо ыраазычылык билдирип, Афганистанда жана жалпысынан борбордук-азия регионунда коопсуздукту камсыз кылууда «Манас» Транзиттик ташуулар борборунун чоң салымын белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев регионалдык коопсуздук маселелери Кыргызстан үчүн өзөктүү экендигин белгиледи.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын АКШ менен кызматташтыгы мындан ары дагы өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарынын негизинде түзүлөөрүн баса белгиледи.

2014-жыл 3-апрель