Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун жаркын элесине арналып тургузулган монументке гүлчамбар койду

Бүгүн, 2014-жылдын 7-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2002-жылы Аксы окуяларында жана 2010-жылдын Апрель окуяларында Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун жаркын элесине арналып тургузулган монументке гүлчамбар коюп, төрт жыл мурда болгон Элдик апрель революциясынын баатырларынын элестерин эскерди.

Элдик апрель революциясынын күнүнүн төрт жылдыгына арналган гүлчамбар коюу аземине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев, «Ала-Тоо» аянтында 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондордун туугандары, Апрель окуяларынын катышуучулары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү, КР мамлекеттик башка органдарынын жетекчилери жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Аза күтүү убактысынан кийин карабиндерден үч жолу залп атылып, Кыргыз Республикасынын Гимни ойнолду. Расмий аземден кийин, Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын өкүлү маркумдарга багышталган куран окуду.

Элдик апрель революциясынын күнү 2010-жылдын 7-апрелинин төрт жылдыгына арналган иш-чаралар ошондой эле Кыргызстандын башка шаарларында жана райондорунда өткөрүлөт.

2014-жыл 7-апрель