Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев финансы министри Ольга Лаврованы кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 8-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн  финансы министри Ольга Лаврованы кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын республикалык бюджетин аткаруу маселелери талкууланды.

Финансы министри  Мамлекет башчысына республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн бекемдөө жана фискалдык саясатты жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Президент Алмазбек Атамбаев финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алмашылганына карабастан бюджеттик саясатта  негизги принциптерди сактап, жарандарды  социалдык жактан коргоо боюнча  милдеттенмелерди   каржылоону камсыз кылууга тийиш экендигин белгиледи. 

Мамлекет башчысы 2013-2017-жылдары өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын программасында камтылган долбоорлорду өз учурунда каржылоонун маанисин баса белгиледи.

2014-жыл 8-апрель