Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев согуштун жана эмгектин ардагерлеринин уюмунун төрагасы Тарас Токомбаевди кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 14-апрелинде, Жеңиш күнүн утурлай, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын согуштун жана эмгектин, Куралдуу күчтөрдүн жана укук коргоо органдарынын ардагерлеринин уюмунун төрагасы Тарас Токомбаевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Тарас Токомбаев Мамлекет башчысына согуштун жана эмгектин ардагерлеринин уюмунун ишмердиги жана үстүбүздөгү жылдагы пландары туурасында айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев согуштун жана эмгектин ардагерлеринин уюмунун төрагасы Тарас Токомбаев менен үстүбүздөгү жылдагы 9-май Жеңиш күнүн, 2015-жылы белгиленчү Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады.

Ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине социалдык жактан жардам көрсөтүү маселелери дагы  каралды.

Мамлекет башчысы Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш ар дайым жалпы элдик майрам катары белгиленээрин айтты. “Биз, азыркы муундун өкүлдөрү, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине өмүр бою карыздарбыз”,- деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Маалымдама:

Кыргыз Республикасынын Президентинин “1941-1945-жылдарда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнүн 70 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана  өткөрүү  жөнүндө” Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жетектеген уюштуруу комитети түзүлүп, иш чаралардын планы бекитилген.

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана майыптарына республикалык бюджеттен жеңилдиктердин ордуна ай сайын 7000 сомдон акчалай компенсация жана өмүр бою ай сайын 3000 сомдон стипендия төлөнөт. Мындан тышкары 9-май Жеңиш Күнүн майрамдоого карата Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана майыптарына 10 000сомдон, ооруктун эмгекчилерине 5000 сомдон бир жолку акчалай сумма төлөп берүү каралган.

2013-жылы ардагерлерге акчалай компенсация төлөө үчүн 52 млн. 660 миң сом  бөлүнгөн.

Республикабызда 1023 адам - Улуу  Ата Мекендик согуштун катышуучусу, 423 адам - согуштун майыбы.

2014-жыл 14-апрель