Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Президент Эмомали Рахмонго Тажикстандын түштүк-чыгышында болгон табигый кырсыкка байланыштуу көңүл айтты

Бүгүн, 2014-жылдын 14-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмонго Тажикстандын түштүк-чыгышында болгон табигый кырсыктан улам көп адамдардын өмүрүн алып кеткен  трагедияга байланыштуу көңүл айтты.

“Тажикстандын түштүк-чыгышында табигый кырсыктын натыйжасында көп адамдардын өмүрүн алып кеткен трагедияга байланыштуу терең көңүл айтуумду кабыл алыңыз”, - деп айтылат Мамлекет башчысынын көңүл айтуусунда.

Президент Алмазбек Атамбаев каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, жаракат алгандардын бардыгы тезирээк сакайып кетишин каалагандыгын билдирди.

2014-жыл 14-апрель