Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев: “Дүйнөдө энеден ыйык, улуу нерсе жок. Эне – үй-бүлөнүн куту, берекеси, шам чырагы. Өмүрдүн башаты”

Бүгүн, 2014-жылдын 16-майында, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Энелер күнү белгиленээр алдында өлкөбүздүн көп балалуу энелерине “Баатыр эне” орденин тапшырды.

Мамлекет башчысы өлкөбүздүн бардык облустарынан салтанатка келген Баатыр энелерди  келе жаткан Энелер күнү менен куттуктады. Балдарга тарбия берүүдөгү, Кыргызстанда тынчтыкты жана бейпилдикти сактоодогу энелердин  ролуна басым жасады.

“Сиздердей апаларыбыз, эжелерибиз, карындаштарыбыз бар үчүн – биздин ырыскыбыз бар. Кыргызстандын келечеги бар. Дүйнөдө энеден ыйык, улуу нерсе жок. Бейиш – эненин таманы алдында деп бекеринен айтылган эмес. Эне – үй-бүлөнүн куту, берекеси, шам чырагы. Өмүрдүн башаты”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Президент кайсыл жашка келбейли кыйналган учурда биринчи кезекте апаларыбызга кайрылаарыбызды белгиледи.

“Акыл сурап, колдоо күтөт экенбиз. Ар дайым эненин кеңешине, жылуу сөзүнө муктажбыз. Эненин акылмандыгы, мээрими баланы бийик максаттарга багыттап, чыныгы адам болууга үгүттөйт экен”,- деди Мамлекет башчысы.

Алмазбек Атамбаев энеси тууралуу кыскача эскерип өттү.

“Мен деле карапайым үй-бүлөдө, апамдын жашы 40 тан өтүп калганда төрөлгөн экенмин. Эсимде, бала кездеги жашообуз жеңил болгон жок. Бирок апабыз өмүр бою, жайы-кышы колхоздо эмгектенип, бардыгыбызды алыстан - Москва, Ленинграддан окутуп, сапаттуу билим алууга шарт түзүп берген. Жаш кезимде мага айткан акыл кептери кийин турмуштук кырдаалдардан чыгууга жардам берип,  жол көрсөттү. Апам мага көптү үйрөттү, көптү берди. Сиздерди көрүп, апамды көргөндөй болуп турам”,- деди Президент.

Мамлекет башчысы акыркы жылдарда айрым эргулдар “Баатыр энелерди” саясий куралга айлантып жатышканын өкүнүү менен белгилеп өттү.

“Тарыхыбыздын эң татаал учурларында энелерибиз элдин биримдигин, амандыгын сактап келген. Элибизди, жерибизди коргогон. Курманжан датка апабызды эле эстесек. Элдин тынччылыгы үчүн баласын өлүмгө жөнөткөн. Муну эстен чыгарбайлы. Эне деген ыйык сөздү ыплас иштерге колдонбойлу, ылайга салбайлы. Энелердин эмгегин сыйлайлы, ак сүтүн актайлы. Энелердин деми менен ар бир үй-бүлөдө жылуу сезим, жакшы маанай жаралат. Эне деген ыйык сезим ар бир адамдын жүрөгүндө сакталат. Эне – бизди ар дайым коргоп жүргөн  периштебиз ”,- деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Президент  сөзүн аяктап жатып, Баатыр энелерди келе жаткан Энелердин күнү менен куттуктады.

“Турмушуңуздарда жакшылыктар, бактылуу күндөр көп болсун. Эмгегиңер кайтып, ар дайым балдарыңар, жакындарыңар  ийгиликтери менен Сиздерди кубантып жүрсүн! Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, бакубат жашоо каалайм! Сиздерге  терең таазим этебиз, ардактуу апалар, энелер!”,- деп баса белгиледи Президент.

Андан соң Мамлекет башчысы Баатыр энелерге мамлекеттик сыйлыктарын тапшырды.

Салтанатты жыйынтыктап жатып Алмазбек Атамбаев улгайган энелерге  карылыкка  моюн сунбай, атайылап келгендери үчүн терең ыраазычылык билдирди. Жаш энелерге балдарын татыктуу тарбиялап,  алардын убайын көргүлө деп жакшы каалоолорун айтты.

Мааламдама: Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктары менен 7 жана андан көп бала  төрөп, тарбиялаган 3434 аял “Баатыр эне” ордени, 629 аял  – “Эне даңкы” медалы менен сыйланды.

2014-жыл 16-май