Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Азияда өз ара аракеттенишүү жана ишеним чаралары кеңешмесинин (АӨИЧК) IV Саммитине катышты

Бүгүн, 2014-жылдын 21-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Шанхай шаарында өткөрүлгөн Азияда өз ара аракеттенишүү жана ишеним чаралары кеңешмесинин (АӨИЧК) Саммитинин IV отурумуна катышты.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге  жана жалпы кытай элине меймандостугу жана жылуу тосуп алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Президент АӨИЧКке төрагалык кылган мезгилде аткарган көрүнүктүү иши үчүн Түркия Республикасына дагы ыраазычылык айтты.

“Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен Азияда өз ара аракеттенишүү жана ишеним чаралары кеңешмеси түзүлгөндөн тартып бүгүнкү күнгө чейин биз АӨИЧКтин Азия мейкиндигинде акырындап олуттуу жана абройлуу эл аралык форумга айланышына күбө болдук. Форум катышуучу-мамлекеттердин ортосундагы диалогго көмөктөшүп, аймактагы тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоо боюнча кызматташуунун мыкты үлгүсү болуп калды”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасы дайыма АӨИЧКтин процесстерине маани берип, анын аракеттерин колдоорун, Азия мейкиндигинде буга чейинкидей диалогдун, ишенимдин, достуктун жана кооперациянын бекемделишине багытталган Кеңешменин негизги максаттарынан жана принциптеринен тайбастыгын баса белгиледи.

“Бүгүн көптөгөн чакырыктар жана коркунучтар сакталган жана глобалдуу атаандаштык күчөгөн эл аралык жаңы системанын калыптануу шарттарында глобалдуу жана аймактагы проблемаларды чечүүгө Азия өлкөлөрүнүн катышуусу жана жоопкерчилиги, албетте, күчөп жатат”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысынын пикири боюнча жаңы чакырыктар жана коркунучтар менен күрөшүү маселелери бүгүнкү отурумдун катышуучуларынын көңүлүнүн борборунда турат.

“Бүгүнкү күндө Борбордук Азиянын алдында турган коркунучтар тууралуу айтып жатып, аймагыбыз тышкы да, ички да коркунучтардын таасиринде экенин моюнга алышыбыз керек. Борбордук Азия бир бүтүн аймак катары жеке коопсуздугуна шек келтире алган коркунучтарга даяр эместиги өзгөчө тынчсыздандырат”,- деди  Алмазбек Атамбаев.

Президент бул жагдай аймактын коопсуздугу тууралуу бирдиктүү түшүнүктүн жана коркунучтарга туруштук берүүнүн жалпы механизмдеринин жоктугу, аймактагы бир катар көйгөйлүү проблемалардын болушу, аймактын Афганистан, Жакынкы Чыгыш өңдүү кооптуу жерлерге жакындыгы сыяктуу факторлор менен шартталаарын белгиледи.

“Диний экстремизмдин өсүшү, террористтик топтордун Борбордук Азия өлкөлөрүнө кирүү коркунучу, ошондой эле баңги трафигинин өсүшү дүйнөлүк коомчулуктун жардамы менен Борбордук Азия өлкөлөрү өзгөчө көңүл бура турган негизги проблемалар катары сакталууда. АӨИЧКтин катышуучуларынын ортосунда жогорку деңгээлде кызматташуу жана  жалпы ишти максаттуу, комплекстүү уюштуруу гана мындай көрүнүштөргө натыйжалуу бөгөт коё алат деп эсептейбиз”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Президент учурда аймакта объективдүү айрым көйгөйлөр бар экенин моюнга алды. ”Ошол эле учурда аймактагы бардык талаш-тартыштар, анын ичинде чек ара маселелери да тынч, сүйлөшүүлөр аркылуу чечилиши керек деп эсептейбиз. Мамлекеттик чек араларыбыз бизди бөлбөй, ишенимдин жана кызматташтыктын, достуктун чек аралары болушу керек”, -деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Алмазбек Атамбаев бул маселе боюнча Нурсултан Назарбаевдин АӨИЧКтин негизинде ЕККУ сыяктуу толук кандуу эл аралык уюм түзүү демилгесин жана Си Цзиньпиндин Азиядагы коопсуздуктун жаңы концепциясынын идеясын колдоду. Президенттин пикири боюнча бул идеялар учурдагы геосаясый кырдаалга шайкеш келет жана абдан актуалдуу.

“Сунушталган кадамдар дүйнөдө ЕККУнин Азиядагы түгөйү катары кабыл алынган Кеңешменин катышуучу-мамлекеттеринин өз ара кызматташуусун тереңдетүү багытынын ырааттуу улантылышы болуп калат”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы үстүбүздөгү жылдын 6-майында “ядролук бешилтик” өлкөлөрүнүн – Улуу Британия, Кытай, Россия, АКШ жана Франциянын өкүлдөрүнүн Борбордук Азияда ядролук куралдан эркин зона түзүү жөнүндө Макулдашуусунун Протоколуна кол коюшун маанилүү кадам катары баалады. “Ядролук куралдан эркин зона түзүү боюнча юридикалык процессте маанилүү жаңы кадам жасалды. Дүйнөдөгү ядролук ири беш держава Казакстанга, Кыргызстанга, Тажикстанга, Түркмөнстанга жана Өзбекстанга каршы - келишимдин беш катышуучусуна карата ядролук курал колдонбоо кепилдигин беришти”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы Кыргызстан ушул маанилүү Протоколду сактаган депозитарий катары тандалып алынгандыгын белгилеп өттү.

Президент Алмазбек Атамбаевкабыл алынган Шанхай декларациясы Кеңешменин бардык мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарына төп келээрин, ал эми Саммит катышуучу-мамлекеттердин Азия мейкиндигиндеги жаңы коркунучтар менен күрөшүү боюнча өз ара пайдалуу кызматташуунун жаңы баскычына чыгууга умтулуусун көрсөтөөрүн баса  белгиледи.

Алмазбек Атамбаев Си Цзиньпинди Кеңешмедеги кийинки эки жылга төрагалык милдетти аткаруу Кытай Эл Республикасына өтүшү менен куттуктап, Кытайдын Кеңешмеге төрагалык кылышы Азия мейкиндигинде экономиканын мындан ары өнүгүшүнө жана коопсуздуктун бекемделишине жакшы өбөлгө түзөөрүнө ишенимин билдирди.

Саммиттин жыйынтыгында АӨИЧК катышуучу-өлкөлөрү Шанхай Декларациясын кабыл алды.

АӨИЧК Саммити аяктагандан кийин, түш оодарып, Президент Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарына кайтып келет.

2014-жыл 21-май