Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Орозбек Молдалиевди кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 27-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Орозбек Молдалиевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына 2014-жылдын 3-февралындагы  Кыргыз Республикасынын диний чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат жөнүндө Коргоо кеңешинин чечимин ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берилди.

Тактап айтканда, Президент Алмазбек Атамбаевге Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик  саясатынын Концепциясынын жаңы редакциясын иштеп чыгуу боюнча Коргоо кеңешинин жумушчу тобунун ишмердиги тууралуу маалымдады. Жаңы концепцияда мамлекеттин конфессиялар менен кызматташуусунун жаңы принциптери жана ыкмалары, толеранттуулуктун деңгээлин жогорулатуу жана диний уюмдардын радикалдашуусуна жол бербөө чаралары белгиленгендиги кошумчаланды.

Мамлекет башчысы диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин маанисин баса белгилеп, дин чөйрөсүндөгү процесстерди жөнгө салуу ишинде мамлекет байкоочу адамдын позициясын ээлебеши керек экендигине токтолду. “Диний чөйрөдөгү натыйжалуу саясат мамлекеттин туруктуу өнүгүшүнүн маанилүү шарттарынын бири болуп саналат”,- деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.

2014-жыл 27-май