Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин отурумуна катышты

Бүгүн, 2014-жылдын 29-майында, Астана шаарында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  Казакстан Республикасынын  Президенти Нурсултан Назарбаевдин чакыруусу боюнча бир күндүк иш сапарынын алкагында мамлекет башчыларынын деңгээлинде Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин отурумуна катышты

Отурумга Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко жана Армения Республикасынын  Президенти Серж Саргсян катышышты.

Президент Алмазбек Атамбаев отурумда чыгып сүйлөп, Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевге  бүгүнкү иш чарага катышууга чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы  Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевдин Евразиялык экономикалык союзду түзүү боюнча идеясы турмушка аша баштады. “Бүгүн Астанада Евразиялык экономикалык союз түзүү тууралуу Келишимге кол коюлат. Евразиялык экономикалык союз  бардык мүчөлөрүнө экономикалык өнүгүүгө өз ара пайдалуу  шарттарды түзгөн иштиктүү уюмга айланат деп ишенем”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Алмазбек Атамбаев  евразиялык мейкиндиктеги интеграциялык бирикмелердин мааниси туурасында кеп кылып келип, Бажы союзуна, Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке, андан соң Евразиялык  экономикалык союзга интеграциялоо Кыргызстан үчүн   терең ойлонулган чечим экендигин белгиледи.  “Бажы союзунун мүчө-өлкөлөрү биздин негизги экономикалык  өнөктөшүбүз гана эмес. Эң оболу руху боюнча, элдерибиздин  жалпы тарыхы боюнча  бизге жакын, тил боюнча дагы ортодо эч тоскоолдук жок. Жалпы келечекти биргелешип куруу милдети маңдайыбызга жазылган экен”,- деди Мамлекет башчысы

Ошону менен бирге прогрессивдүү интеграциянын принциптери  Евразия   регионунда туруктуулукту  жана коопсуздукту чыңдоого  мүмкүнчүлүк берет. Бул  жагдай Кыргызстандын жана Бажы союзунун өлкөлөрүнүн улуттук кызыкчылыктарына  төп келет.

Алмазбек Атамбаев мамлекет башчыларына кайрылып, Кыргызстан менен өнөктөштүк  Бажы союзунун мүчөлөрүнө  регионалдык проблемаларды жеңил жана ыкчам чечүүгө жол ачаарын белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев изилдөөлөрдүн жана экономикалык божомолдордун жыйынтыктарына көңүл бурду. Жыйынтыктар көрсөткөндөй, Кыргызстан Бажы союзуна өткөндөн кийин бир катар иштерди аткарууга тийиш. Кыргызстан үчүн интеграциялык процесстерге катышуу  жетишилген экономикалык өнүгүүнүн ыргагын басаңдатпай турууга мүмкүнчүлүк  бергени абдан маанилүү.

Ошону менен бирге Мамлекет башчысы  Кыргызстан  Бажы союзунун  өлкөлөрүнө  өз проблемаларын оодара салуу ниетинен алыс экендигин белгиледи. “Бизди биринчи кезекте  мүмкүн болчу өндүрүштүн төмөндөшү жана жумушсуздуктун өсүшү тынчсыздандырат.  Биздин проблемаларыбызды түшүнүп, ошого жараша аталган проблемаларды чечүүдө олуттуу колдоого ээ болсок деген ниеттебиз” ,- деди Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев  өз сөзүндө  өткөөл мезгилде Кыргызстандын экономикасына колдоо көрсөтүүнүн механизмдерин иштеп чыгууда колдоо көрсөткөндүгү үчүн Россия тарапка  ыраазычылык билдирди. “Биз россиялык тарап менен фонд түзүүнү чечтик. Фонддун каражаттары  бюрократиялык тоскоолдуксуз   Кыргызстандын бажы союзуна интеграциясын жеңилдетүүгө түз, максаттуу жумшалат”,- деди Президент, кыргыз тарап россиялык инвестицияларды максималдуу  колдоого жана коргоого кепилдик берээрин белгилеп.

 “Бажы союзуна катышуу  Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү үчүн  жаңы мүмкүнчүлүктөрдү  тартуулайт деген ойдобуз. Ишкерлерибиз Бажы союзунун рынокторуна чыгып, инвестициялар көбөйүп, жаңы технологиялар ишке киргизилет”,- деди Президент Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы  Кыргызстан Бажы союзуна кириши өлкөнүн   эл чарбасынын өнүгүшүнө  олуттуу түрткү берээрине ишенимин билдирди. “Менимче биз Кыргызстандын Бажы союзуна  кошулушу боюнча “жол картасын” кабыл алуу планы тууралуу арызыбызга жана  Кыргызстандын Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бирдиктүү экономикалык мейкиндигине кошулуу ниетине  бардыгыбыз кол коебуз деп ойлойм”,- деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаевдин пикирин мамлекет башчылары колдоого алды. Тактап айтканда, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин  Евразиялык экономикалык союзду түзүү тууралуу келишимге кол коюунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен  билдирүүдө Россия Кыргызстанга Евразиялык экономикалык союзга кошулууга жардам берүүгө даяр экендигин   билдирди.  Владимир Путиндин  сөзү  боюнча  Союзга ири экономикалык оюнчулар кызыгуусун  билдирип жатат. “Дүйнөлүк аренада   ДСУнун принциптеринин негизинде иштеген  жана эл аралык  толук укукка ээ жаңы экономикалык уюм түзүлүп жатат”,- деди Россия Федерациясынын жетекчиси.

Казакстан Республикасынын Президенти  Нурсултан Назарбаев дагы  өз кезегинде  Кыргызстан  жыл ичинде  Евразиялык экономикалык союздун мүчөлүгүнө  даяр болуп калаарын белгиледи. “2014-жылдын июнь айында Армения Евразиялык экономикалык союздун жаңы мүчөсү болуп калат деп макулдаштык. Кыргызстан дагы 2015-жылдан тартып кошулууга даяр”,- деди Нурсултан Назарбаев.

Отурумдун соңунда  Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна  кошулушу боюнча  иш чаралардын (“жол картасын”) планы тууралуу арызга жана  Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бирдиктүү экономикалык мейкиндигине кошулуу ниетине кол коюлду.

 

2014-жыл 29-май