Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын Федералдык миграциялык кызматынын Жетекчиси Константин Ромодановскийди кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 30-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Федералдык миграциялык кызматынын Жетекчиси Константин Ромодановскийди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн миграциялык мекемелеринин кызматташуу, анын ичинде алдыдагы Кыргызстандын евразия аймагындагы интеграциялык процесстерге катышуусунун алкагындагы өз ара кызматташууну кеңейтүү маселелери талкууланды.

Алмазбек Атамбаев жана Константин Ромодановский кыргызстандыктардын Россияда жүрүү шарттарын жана алардын эмгек ишмердигинин тартибин караган маселелерди талкуулашты. Эки өлкөнүн миграциялык саясатын ишке ашыруудагы оң натыйжалар белгиленди.

“Кабыл алганыңыз жана шериктерибиз менен сүйлөшүп алуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирем. Биз муну баалайбыз, эки тараптуу жана ар тараптуу форматта ишибизди улантабыз. Бул өз ара аракеттенишүү, достук жана жалпы максатыбызга болгон бирдиктүү кадамдарыбыз. Биргелешкен иш жакшы натыйжа берүүдө. Жакшы көрсөткүчтөр бар: Кыргызстандын жарандары тарабынан Россиянын аймагында жасаган кылмыштары жыл башынан бери өткөн жылга салыштырмалуу үч эсе – 28 пайызга азайды. Албетте, бул биздин биргелешкен аракетибиздин жыйынтыгы”, -  деп билдирди Константин Ромодановский.

Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын ФМК Жетекчиси Константин Ромодановскийге аткарган жумушу үчүн ыраазычылык билдирип, миграция саясатындагы мындан аркы да кызматташтыкты активдештирүү зарылдыгын белгиледи.

2014-жыл 30-май