Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын Жеңил өнөр жай кызматкеринин күнү менен куттуктоосу

Куттуктоонун тексти: 

“Урматтуу жеңил өнөр жайынын күжүрмөндөрү!

Бардыгыңыздарды кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!

Жеңил өнөр жайы Кыргызстан экономикасына бел болгон алдыңкы тармактардын бири. Сиздердин талыкпаган эмгегиңер оор мезгилдин сыноосун жеңип, тармакты кайрадан жандандырып, өнөктөштүк байланыштарды калыбына келтирип, жаңы рынокторду өздөштүрүүгө жол ачты. Акыркы жылдардын аралыгында кыргыз кийим тигүүчүлөрүнүн продукцияларынын экспорту 6 эсе өскөнү кубандырат. Тармак социалдык милдеттемесин толук аткарууда - он миңдеген мекендештерибиз эмгектенип жатат.

Бүгүн  Кыргызстан чоң өзгөрүүлөрдүн босогосунда  турат. Бажы союзуна кошулсак ата мекендик өндүрүштү калыбына келтирүүгө, өнүктүрүүгө зор мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Кыргызстанда өндүрүлгөн продукцияларга жаңы, чоң  рыноктор ачылат.

 “Кыргызстанда жасалган” деген белги өлкөбүздү дүйнөгө тааныткан жогорку сапаттын жана ийгиликтин көрсөткүчүнө айланууга тийиш!

Жеңил өнөр жай кызматкерлерине чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубат жашоо каалайм! Ийгилигиңер арта берсин!

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                         Алмазбек Атамбаев

2014-жыл 6-июнь