Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Рашид Мередовду кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 15-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөгө жумушчу сапар менен келген Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Рашид Мередовду кабыл алды.

Жолугушууда кыргыз-түркмөн мамилелеринин актуалдуу маселелери талкууланды.

Рашид Мередов Түркмөнстан жана Кыргызстан элинин салттуу достук жана жылуу мамилелерин белгилеп, кыргыз-түркмөн ар тараптуу кызматташуусунун активдешүүсү үчүн өз сапарынын маанисин белгиледи.

Өз кезегинде Президент Алмазбек Атамбаев Рашид Мередовдун Кыргызстанга болгон сапарынын жыйынтыгы жана жетишилген макулдашуулар өлкөлөр ортосундагы мамиленин мындан ары чыңдалышына кызмат кылат деген үмүтүн билдирди.

Мамлекет башчысы Түркмөнстандын Кыргызстандагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн ачылышы кыргыз-түркмөн мамилелеринин тарыхындагы маанилүү окуя болуп, эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүүсүнө дем бере турганын белгиледи.

Жолугушууда ошондой эле мамлекеттер ортосундагы соода-экономикалык мамилелерин мындан аркы активдештирүү зарылчылыгы дагы белгиленди.

2014-жыл 15-июль