Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Түркия жана Россияга барат

2014-жылдын 8-августунан 12-августка чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Түркия Республикасы жана Россия Федерациясына иш сапары менен барат.

2014-жылдын 8-10-августунда Түркия Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Мамлекет башчысы Түркия Республикасынын жогорку жетекчилиги менен кыргыз-түрк кызматташтыгынын актуалдуу маселелери жана ар кандай тармакта өз ара аракеттенүүнүн мындан аркы пландары боюнча эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

2014-жылдын 11-12-августунда Президент Алмазбек Атамбаевдин Россия Федерациясынын Сочи шаарына иш сапары болот. Анын алкагында Мамлекет башчысы Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Алмазбек Атамбаев жана Владимир Путин Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы кызматташтык маселелеринин кеңири спектрин, анын ичинде биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле кыргыз-россиялык ар тараптуу кызматташтыктын мындан аркы өнүгүүсүнүн келечектерин талкуулашат.

2014-жыл 8-август