Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту

Бүгүн, 2014-жылдын 11-августунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Сочи шаарында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчылары кыргыз-россиялык эки тараптуу кызматташуунун азыркы абалы жана аны өнүктүрүү боюнча мындан аркы кадамдар тууралуу маселелерди талкуулашты.

Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенишүүнүн жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилешти.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө биргелешкен энергетикалык ири долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүнө баа берилип, ал долбоорлорду белгиленген мөөнөттө ишке ашыруунун мааниси баса белгиленди.

“Биздин энергетика тармагында олуттуу инвестициялык пландарыбыз бар жана  айрым тармактарда кызматташууну өнүктүрүү боюнча дагы пландарыбыз бар. Ушул багыттардагы иштер кандайча жүрүп жаткандыгын көрөлү деп алда качан  эле  макулдашканбыз”,- деди Владимир Путин жолугушуунун башталышында.

Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын интеграциялык бирикмелерге катышуусу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү талкууланды.

 “Кыргызстан стратегиялык өнөктөшү, боордош Россия менен мамилелерди ырааттуу өнүктүрүү, жандандыруу максатын бекем көздөп тургандыгын дагы бир ирет баса белгилегим келет”,- деди Алмазбек Атамбаев сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө.

“Бул жолубузда, албетте, биз бир топ кыйынчылыктарга туш келебиз. Бирок, эгерде биз конкреттүүлүк менен чечкиндүү киришсек, көпчүлүк маселелерди  тез эле чече алабыз. Эсиңизде бар чыгаар, мен буга чейин Бажы союзунун, Евразия экономикалык союзунун курамына ушул жылдын акырына чейин кирсек деп айткан элем. Эгерде эки тарап тең өз каалоосун билдирсе, реалдуу колдоо көрсөтүлсө, азыр Кыргызстан ушул багытта шымаланып иштеп жатат”,-деп белгиледи Президент Алмазбек Атамбаев.

2014-жыл 11-август